s.savay@mail.ru 032326-00-82

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын 1-январына карата калдык сумманы  бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ





12.04.2023-жыл №12
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык сумманы бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын 1-январына карата  калдык  сумма 7842,4 миң сом, анын ичинен атайын каражатынын калдыгы 6,20 миң сом менен берилген отчетко ылайык бекитилсин.
  2. 70111 беренесине жалпысы 395,3 миң сом анын ичинен: айыл өкмөткө суу чыгарууга 2221 бөлүмүнөн 160,0 миң сом, айл өкмөттү монтаждоого 2221 бөлүмүнө 202,4 миң сом, 2111бөлүмүнө 33,0 сом эски карыз. 70823 беренесинен 2121 бөлүмүнөн 47,0 миң сом эски карыз.  70421 беренесине Сугат суу арыктарын чаптырууга 2215 бөлүмүнөн 500,0 миң сом. 70629 беренесине жалпысы 6900,0 миң сом анын ичинен; Кыдырша айылынын трубасын жана лотокторун оңдоп түзөөгө 2221 бөлүмүнөн 100,0 миң сом, Кескен-Жар айылына труба койдурууга 3111 бөлүмүнөн 100,0 миң сом, Кең-Сай айылына асфальт төшөөгө 3111 бөлүмүнөн 3000,0 миң сом, Кызыл-Шарк айылына асфальт төшөөгө 2800,0 миң сом, Кең-Сай айылындагы ФАПты оңдоп түзөөгө 2221 бөлүмүнөн 200,0 миң сом. Октябрь айылынын ФАПына суу мотор алууга 3112 бөлүмүнөн 80,0 миң сом, Октябрь айылына көчө ачтырып труба койдурууга 3111 бөлүмүнөн 120,0 сом, Кең-сай айылынын жаңы жолуна жол белгисин койдурууга 20,0 сом, Кызыл-Шарк  айылына видео көзөмөл орнотуга 3112 бөлүмүнөн 180,0 миң сом, Савай айыл өкмөтүндө аткарылып аткан жумуштарды телекөрсөтүүго чагылдырууга 2215 бөлумүнөн 100,0 миң сом, АПУ,ИПУ долборуна 200,0 миң сом.

3. 1.   Салык эмес кирешелер такталган план боюнча жалпысынан 5190,0 мин сомго пландаштырылган же жалпы киреше 14,1% түзөт, 2021-жылда салык турдө эмес түшүүчү кирешелердин планынын анык аткарылышы 4455,5 миң сомду түзүп такталган планга салыштырмалуу 734,5 мин сомго аз түшкөн же план 85,8% га аткарылган. Бул жерде пландалган киреше негизинде 1423 “акы төлөнүучү кызматтар” боюнча бала-бакчалардагы ата-энелер төлөмдөру боюнча пландалган 3780,0 мин сомдун 1160,0 мин сомго аз аз аткарылганы эсебинен болгон бул пандемия натыйжасынын таасири болгон.

2021-жылдын башына АЧЖМфонду жерлери боюнча 858,0 миң сом ижара акыдан дебитордук карыз болгон. Бул сумма 2021-жылдын киреше катары планга кошулган эмес.

2.   Эмгек акыдан 2021-жылдын 31-декабрга карата 25,5 мин сом дебитордук жана карызды талдоо бул сумма 2021-жылдын 7-декабырындагы 25,5 мин сомду (мурдагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдет аткарууу Ж.Эгамбердиев) негизсиз которуу эсебинен пайда болгон . Аудит жургүзүү мезгилинде бул 25,5 миң сом Ж.Эгамбердиев тарабынан жергиликтүү бюджетке накталай акча каражатын төгүү менен ордуна толукталды.

3.  2021-жылда ата-энелерден тамак-аш үчүн төлөмдөрунөн “Ай бала” балдар бакчасы боюнча бадардын катышуу табели боюнча эсептелгени 565,7 миң сом болсо, атайын эсеп төлөгөн акча каражаты 561,8 миң сомду түзүп 3,9 миң сом төгүлбойкалган, ошондой эле азык түлүктөрдүн эсептен чыгаруу отчеттору боюнча 0,6 миң сом калдык эсепке алынган эмес, бул жетишпестиктер аудит жүргүзүү мезгилинде ордуна толукталды. “Балаты” балдар бакчасыбоюнча азык-түлүктордү эсептен чыгаруу өтчетторунда 1,8 миң сом калдык эсепке алынган эмес бул жетишпестик аудит жүргүзүү мезгилинде ордуна толукталды.

4.     Савай жайыт пайдалануучулар бирикмесинде коомчулукту жана инвеститциялоо агенствосу (АРИС) аркылуу “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоор боюнча 2018-жылы жалпы суммасы 2280,0 миң сомдук фронтальдык жүктөөчү атайын техникасы жана 3450,0 миң сомдук ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу авто машина алынган. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттун балансында.

АРИС долбоору боюнча 2021-жылы курулуп бүткөрүлгөн балансылык баасы 1133,7 миң сомдук “Ветиринардык окуу-консултатция борбору” бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн балансына алынган.

                

  1. КБФ жерлеринин эски  төлөмдөрүнүн эсебинен 1,200 миң сом  менен берилген отчетко ылайык  бекитилсин.

  

  1. 70821 беренесинен жалпысы 250,0 миң сом анын ичинен Кең-Сай айылынын көчөлөрүнө шагыл төшөөгө 2221 бөлүмүнөн 100,0 миң сом, ФК№38 китеп кананы оңдөп сырдоого 2221 бөлүмүнөн 150,0 миң сом.  70921 беренесине жалпысы 850,0 миң сом анын ичинен акылдуу коңгуроо орнотууна 3112 бөлүмүнөн 500,0 миң сом, спорт шаймандарын алууга 3112 бөлүмүнөн 350,0 миң сом. 71092 беренесинин Савай айыл аймагындагы жардамга муктаж адамдарга 2721 бөлүмүнөн 100,0 миң сом.

 

  1. Бул токтом мыйзам чегинде аткарылышы Савай айыл өкмөтүнүн    ФЭБнө милдеттендирилсин.
  2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык       кеңешинин  экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

:
Н. Абдумалик уулу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

“Cosa 1000”  проекти тарабынан  ичүүчү таза  суу  менен камсыздоо максатында курулуп жаткан таза суу кампасын курууга жер тилкесин берүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ





12.04.2023-жыл №13
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
“Cosa 1000” проекти тарабынан ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында курулуп жаткан таза суу кампасын курууга жер тилкесин берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна ылайык Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Савай айыл өкмөтүнүн  Октябрь айылына суу кампа куруу үчүн 0,80 га жер аянты берилсин.
  2.  Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Савай айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
  3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

:
Н. Абдумалик уулу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

    Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна ылайык  Савай  айылдык  округунун кеңеши

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ





12.04.2023-жыл №14
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна ылайык Савай айылдык округунун кеңеши

1. Курбан-Кара айылындагы 0,43 га спорт аянтчасына бала бакча курууга уруксат берилсин. 2. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Савай айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

:
Н. Абдумалик уулу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кең-Сай айылындагы № 886-контурунда жайгашкан социалдык объектинин башкы планына         өзгөртүү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ





12.04.2023-жыл №15
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кең-Сай айылындагы № 886-контурунда жайгашкан социалдык объектинин башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Кең-Сай айылындагы №886-контурунда жайгашкан жалпысы 0,30 га жердин 0,16 га жерине 2017-жылы Кең-Сай айылынын 4 жашоочусу тарабынан, 4 үй салынып жашап жаткандыгы жөнүндөгү арызын Савай айылдык кеңешинин депутаттары карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айыл өкмөүнүн  аймагындагы Кең-Сай айылындагы №886-контурунда жайгашкан социалдык объектин жалпысы 0,30 га жеринин 0,16 га жер аянтынын башкы планына өзгөртүү киргизилсин.
  2. Кара-Суу  шаар  курулуушу  жана архитектура башкармалыгынан башкы планга өзгөртүү киргизүү суралсын.
  3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  4.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

:
Н. Абдумалик уулу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кыдырша айылына спорт зал курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ





12.04.2023-жыл №16
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кыдырша айылына спорт зал курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна ылайык Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша айылына спорт зал курууга 0,24 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

:
Н. Абдумалик уулу