s.savay@mail.ru 032326-00-82

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кыдырша айылындагы № 431-контурунда жайгашкан социалдык объектинин башкы планын өзгөртүү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезектеги 2-сессиясынын


12.04.2023-жыл №17
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кыдырша айылындагы № 431-контурунда жайгашкан социалдык объектинин башкы планын өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Кыдырша айылындагы №431-контурунда жайгашкан жалпы аянты 13,20га жердин 0,8га жерине айыл тургундары тарабынан үй салып жашап жаткандыгы жөнүндөгү Кыдырша айылынын депутаты С.Куттубай уулунун сунушун Савай айылдык кеңешинин депутаттары карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Савай айыл өкмөтүнүн  аймагындагы Кыдырша айылындагы № 431-контурунда жайгашкан социалдык объектин жалпысы 13,20 га жеринин 0,8 га жер аянтынын башкы планына өзгөртүү киргизилсин.

2.    Кара-Суу  шаар  курулуушу  жана архитектура башкармалыгынан башкы планга өзгөртүү киргизүү суралсын.

3.   Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

:
Н. Абдумалик уулу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык      жардам берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезектеги 2-сессиясынын


12.04.2023-жыл №18
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн айылдарынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июлундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177,2013-жылдын 23-апрелиндеги №56, 2016жылдын 6-июлундагы №99, 2016-жылдын 16-декабырындагы №209, 2017-жылдын 8-июнундагы №100, 2017-жылдын 5-июлундагы №118, 2019-жылдын 24-апрелиндеги №56, 2021-жылдын 29-ноябырындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык Савай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.     Султан-Абад айылынын тургуну С.Ходжаевге 30000(оттуз миң) сом, Курбан-Кара айылынын тургуну Х.Усмановго  20000(жыйырма миң) сом, Кең-Сай айылынын тургуну В.Аскаровго 10000(он миң) сом, Кызыл-Шарк айылынын тургуну М.Эргашовага, Кыдырша айылынын тургуну А.Акбаровага 10000(он миң) сом, Савай айылынын тургуну М.Гаиповага 10000(он миң)сом .
  2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык       кеңешинин  экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

:
Н. Абдумалик уулу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 9622,6  миллион сомду Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак, Савай, Кыдырша, Кызыл-Шарк айылдарынын   
башкы планын түзүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


19.06.2023-жыл №19
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 9622,6 миллион сомду Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак, Савай, Кыдырша, Кызыл-Шарк айылдарынын башкы планын түзүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кезексиз сессиясында Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 9622,6 миллион сомду Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак, Савай, Кыдырша, Кызыл-Шарк айылдарынын башкы планын түзүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.   Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 9622,6 миллион сомду Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак, Савай, Кыдырша, Кызыл-Шарк айылдарынын башкы планы түзүлсүн.
  2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,34 га жерге “Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму” тарабынан “ФАП”, “Бала бакча”,  “Мечит” курулган имараттарына тиешелүү болгон жерди мамлекеттик актын өзүнчө бөлүп муниципалдык баланска алуу жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


19.06.2023-жыл №20
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,34 га жерге “Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму” тарабынан “ФАП”, “Бала бакча”, “Мечит” курулган имараттарына тиешелүү болгон жерди мамлекеттик актын өзүнчө бөлүп муниципалдык баланска алуу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кезексиз сессиясында Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,34 га жерге “Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму” тарабынан “ФАП”, “Бала бакча”, “Мечит” курулган имараттарына тиешелүү болгон жерди мамлекеттик акты өзүнчө бөлүнсүн.
  2. “Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму” тарабынан курулган  “ФАП”, “Бала бакча”,  “Мечит” муниципалдык баланска алынсын.
  3.  Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар,             жер     жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык округунун кеңешинин төрагасын
 шайлоо жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


18.07.2023-жыл №22
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык округунун кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү 40-беренесинин (К.Р 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 113, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Савай айылдык округунун Кеңешинин төрагалык кызмат ордуна  жашыруун добуштун жыйынтыгы менен Мамашов Бакыт Толонович шайланды деп эсептелсин.

 

:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү                      киргизүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезектеги сессиясынын


26.07.2023-жыл №23
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2016-жылдын 16-майындагы №59 мыйзамынын 109-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

2.  Савай айыл өкмөтүнүн ЖКХ 70629 тармагынан 3111 беренесинен  -1222,0 миң сом, 70911 тармагынан 3112 беренесинен -300,0 миң сом жалпысы 1522,0 миң сом кыскартылсын.

3.   70111 бөлүмүнүн 2224 беренесине 28,0 миң сом, 70921 бөлүмүнүн 2224 беренесине1170,0 миң сом, 70911 бөлүмүнүн  2224 беренесине 120,0 миң сом көмүр алууга. 70911 бөлүмүнүн 2221 беренесине 124,0 миң сом Батма-Эне балдар бакчасынын ашканасынын чатырын оңдоп түзөөгө. 71092 беренесинин 2721 бөлмүнө 80,0 миң сом Савай айыл аймагындагы жардамга муктаж жарандарга жардамга  жылдырылсын.

4.  Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл өкмөтүнүн  2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү   жөнүндөгү          № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


26.07.2023-жыл №24
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесине таянып, М.Орунбаевдин сунушунун негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Савай айыл өкмөтүнүн  2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү   жөнүндөгү                         № 1-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. Савай айыл өкмөтүнүн  2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү   жөнүндөгү                        № 1-токтомунун 6 пунктундагы Савай айылына тратуар курууга каралган 70629 беренесинин 3111 бөлүмүндөгү 600,0 миң сом,  Курбан-Кара айылына түнкү жарыктандыруу жана электр маамычалараны орнотууга өзгөртүрүлсүн.

4.  Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл аймагынын Жаштар комитети жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезектеги сессиясынын


26.07.2023-жыл №25
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл аймагынын Жаштар комитети жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы кабыл алынган “Мамлекеттик жаштар саясатынын негидери жөнүндө” № 256 Мыйзамынын негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Савай айыл аймагынын Жаштар комитети жөнүндөгү ЖОБОсу      бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Савай айыл өкмөтүндө жаштар боюнча иш аракетин Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана ушул ЖОБОнун негизинде алып баруу жангы жүктөлсүн.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, сугат суу, таза суу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

:
Б.Мамашов

Савай айылдык кеңешинин

                                                                     2023-ылдын кезектеги

                                                                    25-Токтомуна тиркеме

 

Савай айыл аймагынын Жаштар комитети жөнүндө ЖОБО

 

I. Жалпы жоболор

1. Савай  айыл аймактын жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш (мындан ары – Кеңеш) Савай айыл аймагында жаштар саясаты боюнча кеңешүүчү орган болуп саналат.

2. Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына, жергиликтүү жамааттын уставына жана ушул жобого ылайык ишке ашырылат.

3. Кеңештин иш аракеттери мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, коллегиялдуулук, ачыктык, бардык мүчөлөрүнүн тең укуктуулук принциптерине негизделет.

4. Кеңештин иш аракетинде саясий жана диний үгүттөөгө тыюу салынат.

5. Кеңеш  өз алдынчалуулук жана өз ара пайдалуу кызматташуу принциптеринин негизинде ишке ашырылат.

II. Кеңештин максаты жана милдеттери

6. Кеңештин негизги максаты:

- айыл аймактын жаштарынын кызыкчылыктарын коргоо;

- айыл аймактын жаштарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү, потенциалын ачуу жана аны ишке ашыруу, жаштарды социалдык, экономикалык, саясий жашоого активдүү катыштыруу;

- айыл аймактын жаштарынын активдүү жарандык позициясын, жергиликтүү жамааттын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө жаштардын катышууга каалоосун, жаштардын көйгөйлөрүн чечүүдө өз алдынча жана жоопкерчиликтүү болууга калыптандыруу;

- айыл аймактын территориясында жаштардын демилге көтөрүүсүнө жана аны ишке ашырууга шарт түзүп берүүгө көмөк көрсөтүү;

7. Кеңештин негизги милдеттери:

- жаштар саясаты чөйрөсүндө жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон башка маселелер боюнча маалыматтык жана консультативдик ишти жүзөгө ашыруу;

-жаштардын муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү жана көйгөйлөрүн талдоо, социалдык иликтөөлөрдү жүргүзүү;

-жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу ,  жергиликтүү программаларды долбоорлоо боюнча жана долбоорлор боюнча сунуштарды киргизүү;

жергиликтүү коомчулуктун социалдык, саясий жана экономикалык көйгөйлөрүнүн натыйжалуу чечимдерин издөө боюнча жаштарды активдүү иштөөгө тартуу;

-айыл аймактын жаштары менен ачык дискуссияларды, «тегерек столдорду», семинарларды, коомдук саясий лидерлери, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматтык адамдары менен жолугушууларды өткөрүү;

- жаштар чөйрөсүндө социалдык терс көрүнүштөрдүн пайда болбоосунун алдын алуу;

жаштардын жарандык-атуулдук өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле сергек жашоо мүнөзүнө жана кошумча билим алууга жана маданияттуулукка тартуу;

райондук жана облустардын башка аймактарынын кеңештери, коомдук уюмдары жана кыймылдары менен өз ара аракеттенүү.

III. Кеңештин курамы жана түзүү тартиби

8. Кеңешти түзүүчү өкүлдөр:

- айылдардагы  жаштар уюмдары;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун формалдуу эмес жаштар бирикмелери (мектеп парламентин жана студенттик өз алдынча башкарууну кошо);

- чакан жана орто бизнестин жаш жетекчилери;

- муниципалдык жаш кызматкерлер, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматкерлер.

9.  Айыл өкмөттүн башчысынын чечими менен Кеңешти түзүү үчүн 5 адамдан турган уюштуруу комитети түзүлөт. Анын курамына жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, жаштар менен иштөө үчүн жооптуу ЖӨБОнун кызматкери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кире алышат.

10. Уюштуруу комитети Кеңешти түзүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча координациялоону ишке ашырат, анын ичинде:

-кеңештин түзүлгөндүгү тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында өз убагында жарыялайт;

-кеңештин мүчөлөрү чыгып калган учургарезервдин кошумча тизмеси менен расмий сунушталган талапкерлердин арасынан Кеңештин курамын түзөт (3-5 киши);

-Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйналышын уюштурат.

11. Кеңешке талапкерлерди сунуштоо коомдук уюмдардын жетектөөчү органдары, формалдуу эмес бирикмелердин жалпы жыйыны, Кеңештин курамына киргизүү тууралуу расмий өтүнгөн уюмдардын жана компаниялардын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.

12. Кеңештин бир чакырылышынын иштөө мөөнөтү 2 жылды түзөт.

13. Кеңештин курамы уюштуруу комитетинин жыйынындагы протоколдун негизинде, айыл өкмөттүн чечими менен бекитилет. Кеңештин мүчөлөрүнүн саны 5-15 адамга чейин болууга тийиш .

14. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

-кеңештин мүчөсүнүн жеке арызынын негизинде;

-кеңештин сунуштамаларын жана чечимдерин, Кеңештин төрагасынын буйруктарын жана тапшырмаларын аткарбаган учурда;

-кеңештин жана анын мүчөлөрүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматты таратканда;

-башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагына туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткенде.

-Кеңештин мүчөсүн чыгаруу тууралуу чечим Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин ушул эле чечими менен резервдеги тизмеден жаңы мүчөсү киргизилет.

15. Кеңештин мүчөлөрүнүн иши коомдук башталышта ишке ашырылат.

16. Коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн Кеңеш жумушчу топторду түзүүгө, өз ишине эксперттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын активдүү жаштарын тартууга укуктуу.

IV. Кеңештин мүчөлөрүнүн укугу жана милдети

17. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:

чечүүчү добуш укугу менен Кеңештин ишине катышууга;

Кеңештин жыйынын күн тартибинин долбооруна сунуштарды киргизүүгө;

Кеңеш тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга жана программаларга катышууга;

Кеңештин иши тууралуу керектүү маалыматтарды алууга;

Кеңештин регламентинде бекитилген башка укуктарды пайдаланууга.

18. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

Кеңештин жыйындарына катышууга;

Кеңештин алдында турган милдеттерди чечүүгө активдүү көмөк көрсөтүүгө;

өз иши тууралуу Кеңештин төрагасына маалымат берүүгө.

V. Кеңештин түзүмү жана ишин уюштуруу

19. Кеңешти, Кеңештин мүчөлөрүнүн биринчи жыйынында ачык добуш берүү жолу менен шайланган төрага башкарат. Кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана ал үчүн Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе ал шайланды деп эсептелет.

20. Мүчөсү 10дон көп болгон Кеңештерде Кеңештин мүчөлөрү ачык добуш берүү менен шайланган Кеңештин төрагасынын орун басары шайланат. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе ал шайланды деп эсептелет.

21. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү менен шайланат. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе ал шайланды деп эсептелет.

22. Төрага, төраганын орун басары жана жооптуу катчы 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

23. Кеңештин төрагасы кызмат ордунан Кеңештин жылдык отчету канааттандыраарлык эмес деп таанылган учурда четтетилиши мүмкүн.

24. Өз ишинин багыттары боюнча Кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Кеңештин жумушчу топторунун курамына Кеңешке мүчө болбогон адамдар киргизилиши мүмкүн. Жумушчу топторду түзүүдө алардын максаты, милдеттери жана аткаруу ыйгарым укуктары аныкталат.

25. Кеңештин жыйыны эки айда бирден кем эмес өткөрүлөт. Керек болгон учурларда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.

26. Кеңештин жыйынына анын курамынын 2/3төн кем эмес мүчөсү катышса укуктуу болуп саналат.

27. Жыйынга киргизилген маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат. Чечим ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жыйынга катышып жаткандардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

28. Кеңештин жыйынын даярдоонун жана аны өткөрүүнүн, чечимдерди талкуулоонун жана кабыл алуунун, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо тартиби Кеңештин биринчи жыйынында бекитилген Кеңештин регламенти аркылуу аныкталат.

VI. Кеңештин төрагасы, орун басары, жооптуу катчысынын ыйгарым укуктары

29. Кеңештин төрагасы:

Кеңештин жыйындарына төрагалык кылат;

Кеңешке келип түшкөн сунуштардын негизинде алдыда боло турган чогулуштардын, жыйындардын күн тартибин бекитет;

Кеңештин жыйынына материалдарды жана документтердин долбоорлорун даярдоону уюштурат;

жаштар саясатын ишке ашыруунун, жергиликтүү өнүктүрүүнүн стратегияларынын маселелери боюнча жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү бөлүктөрүн ишке ашырууда, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө Кеңештин атынан чыгат;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кеңештин ишине тиешелүү болгон чечимдери, ошондой эле Кеңештин иши жана башка Кеңештин органдары жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт;

Кеңештин жыйынында өз ишинин жана Кеңештин бир жылдык иш жыйынтыктары тууралуу отчет берет.

30. Кеңештин төрагасынын орун басары:

Кеңештин төрагасынын тапшырмасы бо юнча Кеңештин жыйынын уюштурат жана өткөрөт;

Кеңештин төрагасы жок учурда аны алмаштырат;

Өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кеңештин жумушчу топторунун ишин координациялайт;

Кеңештин жыйынында кабыл алынган Кеңештин төрагасынын чечимдерин, тапшырмаларын аткарылышын уюштурат жана контролдойт;

Кеңештин иши менен байланышкан башка маселелерди чечет;

31. Кеңештин жооптуу катчысы:

Кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;

Кеңештин жыйынын протоколун жүргүзөт;

Кеңештин мүчөлөрүнөн келип түшкөн маалыматтарды эсепке алууну уюштурат;

Кеңештин жыйынына карата материалдарды даярдоодо Кеңештин төрагасына техникалык жактан көмөк көрсөтөт;

Кеңештин жыйынынын датасы, убактысы жана өткөрүлүүчү жери тууралуу Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт;

Кеңештин иш планына жана Кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбооруна келип түшкөн сунуштарды жалпылайт жана төрагага берет;

Кеңештин документтеринин катталышын жана сакталышын камсыз кылат;

Кеңештин чечимдерин жана сунуштамаларын, Кеңештин төрагасынын буйруктарын жана тапшырмаларынын аткарылышын уюштурат;

Кеңештин жыйынында добуш берүүдө добуштарды эсептөөнү уюштурат;

Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

32. Кеңештин төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары, Кеңештин жоопту катчы кызмат орундарына талапкерлерди Кеңештин мүчөлөрү тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайланышы мүмкүн.

VII. Кеңештин ишин уюштуруу

33. Кеңештин жыйыны ачык жана айкын өткөрүлөт.

34. Кеңештин жалпы жыйналышынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

Кеңештин төрагасын, анын орун басарын, жооптуу катчыны шайлоо;

Кеңештин ишинин регламентин кабыл алуу;

Кеңештин бир жылдык иш планын бекитүү;

жумушчу/ эксперттик топтордун жана Кеңештин мүчөлөрүнүн шаардын/ айыл аймактын бийлик органдарына карата жаштардын укугуна жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү болгон сунуштарын жана рекомендацияларын бекитүү;

рекомендацияларды иштеп чыгуу жана бекитүү, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберүү;

Жергиликтүү өнүктүрүү фондуна жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн гранттык программаларына каржылоо үчүн жергиликтүү жаштардын берген демилгелерине (өтүнмөлөрүнө) сунуштамаларды берүү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында Кеңештин иши жөнүндөгү жылдык отчетту жактыруу;

Кеңештин төрагасын кайра шайлоо жана Кеңештин мүчөсүн чыгаруу жөнүндөгү маселени чечүү;

ушул жобого киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулоо;

ушул жобого ылайык башка маселелер.

35. Кеңештин төрагасын шайлаганга чейин жаштар иштери үчүн жооптуу мэриянын айыл өкмөтүнүн өкүлү Кеңештин алгачкы жыйынын ачат жана алып барат.

36. Кеңештин жыйыны Кеңеш тарабынан бекитилген Регламентке ылайык уюштурулат жана өткөрүлөт.

37. Кеңештин ишин камсыз кылуу (жыйындарды, жолугушуулар, тегерек столдор ж.б. өткөрүү) каржылоонун төмөнкүдөй булактарынан жүргүзүлөт: жергиликтүү бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынан, демөөрчүлүк жардамдарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.

VIII. Корутунду жоболор

38. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысынын укуктук актысы менен ишке ашырылат.

39. Кеңеш ушул Жобону өзгөртүү боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл аймагынын Аялдар кеңеши жөнүндө ЖОБОну        бекитүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезектеги сессиясынын


26.07.2023-жыл №26
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл аймагынын Аялдар кеңеши жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августунда кабыл алынган №184 Мыйзамынын негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл аймагынын Аялдар кеңеши жөнүндөгү ЖОБО бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Савай айыл өкмөтүндө Аялдар боюнча иш аракетин Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана ушул ЖОБОнун негизинде алып баруу жангы жүктөлсүн.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, сугат суу, таза суу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

:
Б.Мамашов

Савай айылдык кеңешинин

                                                                     2023-ылдын кезектеги

                                                                    26-Токтомуна тиркеме

 

 

Савай айыл аймагынын Аялдар кеңеши жөнүндө ЖОБО

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Савай айыл аймагынын Аялдар кеңеши (мындан ары – аялдар кеңеши) Савай айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калктын жашоо турмушун камсыз кылган мекемелер жана уюмдар, Савай айыл аймагында иш жүргүзгөн коомдук уюмдар жана бирикмелер менен тыгыз байланышта иштеген ыктыярдуу, көз карандысыз, өзүн-өзү башкарган, коммерциялык эмес, коомдук уюм болуп саналат.
  2. Аялдар кеңеши төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
    • коомдук иштерге аялдарды тартууга;
    • аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын, энеликти жана балалыкты коргоого;
    • Савай айыл аймагынын бардык жашоо чөйрөлөрүнө аялдардын бирдей катышуусун камсыз кылууга;
    • Савай            айыл     аймагынын     коомдук,     социалдык     жана     маданий жашоосунда аялдардын ролун жогорулатууга;
    • аялдардын жана алардын балдарынын ден соолугун сактоону камсыз кылууга;
    • аялдардын энелик жана үй-бүлөлүк милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна;
    • жакыр үй-бүлөлөргө колдоо, балдарга, майыптарга, пенсионерлерге жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга.
  3. Аялдар кеңеши өзүнүн коомдук ишин ыктыярдуулук, тең укуктуулук, өзүн-өзү башкаруучулук, ачыктык жана мыйзамдуулук принциптерине негиздейт.
  4. Коомдук уюмдун негизги иш формасы отурум болуп саналат. Аялдар кеңешинин отуруму кварталына 2 жолу өтөт.
  5. Аялдар кеңешинин чечими сунуш киргизүүчү мүнөзгө ээ.
  6. Жашына,    билимине,    социалдык    абалына    карабай    Савай            айыл аймагынын активдүү жашоочулары аялдар кеңешинин мүчөсү боло алышат.
  7. Аялдар    кеңешинин    мүчөлөрү   анын    ишине    коомдук    башталышта катышышат.
  1. Аялдар кеңешинин негизги максаттары
  1. Аялдар кеңешинин иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
    • аялдардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөнү сактоого;
    • ар кандай себептерден улам жетимдикке туш болгон, ата-энесинин камкордугунан, руханий жулуулуктан ажыраган балдарды коргоого;
    • аялдардын коомдук иштерге активдүү катышуусу үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө;

 

  • жеке жана үй-бүлөлүк мамилелерди өнүктүрүүнү айкалыштырууга;
  • үй-бүлө статусун бекемдөөгө;
  • улуттук жана руханий аң-сезимди калыбына келтирүүгө;
  • Савай айыл аймагынын жашоочуларынын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, акыл-эс жана физикалык жактан өстүрүү үчүн шарттарды түзүүгө.
  1. Аялдар кеңешинин милдеттери
  1. Коюлган максаттарга жетүү үчүн аялдар кеңеши төмөнкү милдеттерди аткарат:
    • коомдук ишке аялдарды активдүү тартуу;
    • көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштук оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, улгайган жарандарга материалдык жана моралдык жардам берүү;
    • үй-бүлөлөк баалуулуктарды, сергек жашоо образын жайылтуу, жаштарды руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо;
    • үй-бүлөнү, энеликти бекемдөө, баланын укуктарын коргоо;
    • Савай айыл аймагында жашаган калктын улуттук салттарын сактоо;
    • улгайган адамдарга жардам көрсөтүү, алардын эс алуусун уюштуруу.
  1. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары, алардын иш алып баруу компетенциясы
  1. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
    • адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү, маданий баалуулуктарды жана салттарды сактоо максаты менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарына шайкеш муниципалдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүүгө, аларга колдон келишинче катышууга;
    • социалдык жана башка мекемелердин ишине практикалык жардам көрсөтүүгө;
    • аялдардын жана үй-бүлөнүн кызыкчылыктарына, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого тиешелүү тургундардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын карап чыгууга;
    • социалдык маселелерди чечүү үчүн демөөрчүлүк каражаттарды тартууга, муниципалдык бюджеттен каражат сурап алууга;
    • Савай айыл аймагынын аялдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Савай айыл аймагынын коомчулугунун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын көңүлүн бурууга.
  2. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
    • Савай айыл аймагынын аялдарын коомдук иштерге тартууга, аларды көргөзмөлөрдү, концерттерди уюштурууга, кызыгуусуна жараша ийримдердин, семинарлардын ишине, башка муниципалдык иш-чараларды уюштурууга тартууга;
    • өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык жана башка иш- чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;

 

  • талкууланып жаткан ар кандай маселе боюнча жеке оюн эркин билдирүүгө;
  • кайрымдуулук иштерине катышууга;
  • өздөрүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүгө;
  • жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өздөрүнүн ишинин формасын жана ыкмасын аныктоого;
  • консультациялар үчүн адистерди тартууга;
  • Савай айыл аймагындагы аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча анын сунуштарын кылдат карап чыгууга таянууга.
  1. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн ишинин компетенциясына төмөнкүлөр дагы кирет:
    • Аялдар кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
    • төрайымды жана анын орун басарын тандоо;
    • аталган уюм каалаган ишти жүзөгө ашыруу, бардык маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн.
  1. Аялдар кеңешинин төрайымы
  1. Аялдар кеңешинин төрайымы, ал эми ал жок учурда анын орун басары:
    • Савай айыл аймагынын муниципалдык түзүлүшүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдар кеңешинин кызыкчылыктарын коргойт;
    • коомдук уюмдун ишин бекитилген иш планга ылайык уюштурат;
    • Аялдар кеңешинин отурумун алып барат;
    • уюмдун иши жөнүндө отчеттуулукту ишке ашырат;
    • ЖМК аркылуу уюмдун иши жөнүндө калкты кабарландыруу укугуна ээ.
  1. Каттоого алынуучу документтер
  1. Уюмдун каттоого алынуучу документтери болуп төмөнкүлөр саналат:
    • Аялдар кеңешинин иш пландары;
    • Аялдар кеңешинин отурумдарынын протоколдору;
    • уюмдун мүчөлөрүнүн тизмеси;
    • аткарылган иштер жөнүндө отчеттор.
  1. Башка жоболор
  1. Аялдар кеңеши пландарга ылайык иш алып барат, алар Аялдар кеңешинин отурумдарында бекитилет жана түзөтүлөт.
  2. Аялдар кеңеши өзүнүн ишин туруктуу талдап турат, жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө калкка отчет берет.

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы                      № 38-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезектеги сессиясынын


26.07.2023-жыл №27
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы № 38-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 32-беренесинин негизинде Савай айылдык кеңеши 2022-жылдын 17-октябрындагы 8-сессиясынын 11-протоколунун негизинде Савай айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Савай айылдык округунун кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы №1-тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.

2.  Туруктуу комиссиянын курамына  ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү  тапшырылсын.         

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                    

:
Б.Мамашов

Савай айылдык кеңешинин

                                                                                                                            2023-жылдын 26-июлундагы

                                                                                           № 27 токтомуна тиркеме

                                                                       

Савай айылдык кеңешинин депутаттык туруктуу комиссиялары

 

Аталышы

Аты-жөнү

Ээлегенкызматы

Байланыштелефонну

1

Айылдык кеңештин төрагасы

Мамашов Бакыт Толонович

Төрага

0501080173

2

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары

Тажибаев Шавкат Хамидиллаевич

Төраганын орун басары

0776669310

3

Мамлекеттик тил, маданият, дин, каада-салт, этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия

Тойчиева Зымрат Раймахунова Саламатхан

Алимова Маликахан

Муратова Гулзира

Мамасалиев Искендер Бурканович

Бакас уулу Зарлыкбек

төрайым

мүчө

 

мүчө

 

мүчө

 

мүчө

 

 

мүчө

0558602906

0559720077

 

0557220648

 

 

0559882109

 

0558601111

 

0559001190

4

Социалдык жактан коргоо,

 саламаттык ты сактоо, сугат суу,

таза суу боюнча

туруктуу

 комиссия

Бегиев Курсант

Аматова Бүсайра Исмаилова Айсулуу

Максимов Илхомжан Мирзалиева Чолпонай

Мамарасул уулу Баатыр

Төрага

мүчө

мүчө

 

мүчө

 

мүчө

 

мүчө

0555015978

0508292445

0706550750

 

0555127665

 

0551910912

0774019258

5

Айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссия

Кадирали уулу Бекзат Сулайманов Дауд

Алымова Айнура

Оморова Кайрынса

Султанов Замир

Абдыкадыр уулу Алтынбек

мүчө

Төрага

 

 

мүчө

мүчө

 

мүчө

мүчө

0554666658

0500107020

0550082309

0550718690

0553232550

0557303530

6

Спорт, жаштар иштери жана эл агартуу боюнча туруктуу комиссия

Чекиров Арсен

Жанибек уулу Аваз Караходжаев Заирбек

Галаев Кубаныч

Мамарасул уулу Баатыр

Төрага

мүчө

мүчө

мүчө

мүчө

 

мүчө

0550030340

0772333390

0772904072

 

0773476147

0550546600

 

0774019258

7

Финансы, бюджет,

экономикалык өнүгүү, инвестиция боюнча туруктуу комиссия

Абилов Фархад

Осмоналиев Алишер

Куттубай уулу Самат Кадыралиева Санабар

Орунбаев Медер

Туракулова Назгул

Ибрагимова Умида

Төрага

мүчө

мүчө

мүчө

мүчө

мүчө

мүчө

0550203064

 

0554484740

0999141618

 

0772240761

 

0778000111

 

0504080701

 

0558500650