s.savay@mail.ru 032326-00-82

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл өкмөтүнүн  2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү   жөнүндөгү № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ





22.08.2023-жыл №28
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесине таянып, Б.Мамашовдун сунушунун талкуулап Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айыл өкмөтүнүн  2023-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү   жөнүндөгү          № 1-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  2. Кескен-Жар айылына Газ түтүктөрүн тартууга деп каралган 70629 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 600,0 миң сом Кең-Сай айылынын К.Айдаров көчөсүнө асфальт төшөөгө деп өзгөртүрүлсүн.
  3. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

:
Мамашов Бакыт Толонович

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кызыл-Шарк айылында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы тарабынан курулган 60 орундуу                   балдар бакчасынын имаратын №72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекси мекемесинин карамагына өткөрүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ





22.08.2023-жыл №29
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кызыл-Шарк айылында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы тарабынан курулган 60 орундуу балдар бакчасынын имаратын №72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекси мекемесинин карамагына өткөрүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун Савай айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кызыл-Шарк айылында “Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы” тарабынан курулган 60 орундуу балдар бакчасынын имаратын                   №72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекси мекемесинин карамагына өткөрүлсүн.
  2. Райондук билим берүү бөлүмүнөн кадр маселеси штаттык бирдикти бекитүү жагы суралсын.
  3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо №72 Х.Таширов атындагы биилим берүү комплекси мекемесинин директоруна милдеттендирилсин.
  4. Токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, сугат суу, таза суу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

:
Мамашов Бакыт Толонович

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

     Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү                      киргизүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


22.08.2023-жыл №30
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Мыйзамынын 109-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

2.   Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнө бекитилген бюджеттеги айыл чарбага арналган жер салыгына  Республикалык бюджеттен бюджеттик жогорулатууга берилген компетациясынын суммасы 291100 миң сом, 70921 бөлүмүнүн 2221 беренесине                    №48 Кыдырша орто мектебине электро монтаждоого жана септик каздырууга 100,0 миң сом, С.Аристанбеков атындагы орто мектебине электро монтаждоого жана септик каздырууга 100,0 миң сом, №72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекси мекемесине 91,100 миң сом берилсин.

  3.   Киреше салыгынан  1,200 миң   сом  бекитилсин төмөндөгү беренелерге берилсин.

4.   70821 беренесинен 2221 бөлүмүнө 150,0 миң сом ФК№38 китеп кананы оңдоп сырдоого.  70629 беренесинен  2221 бөлүмүнө 100,0 миң сом Кең-Сай айылынын көчөлөрүнө шагыл төшөөгө. 70921 беренесине жалпысы 850,0 миң сом анын ичинен акылдуу коңгуроо орнотууна 3112 бөлүмүнөн 500,0 миң сом, спорт шаймандарын алууга 3112 бөлүмүнөн 350,0 миң сом. 71092 беренесинин Савай айыл аймагындагы жардамга муктаж адамдарга 2721 бөлүмүнөн 100,0 миң сом.

5.    Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

6.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

:
Мамашов Бакыт Толонович

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнө социалдык-экономикалык жана инфроструктурасын өнүктүрүү фондунан түшкөн 12 000 000 сомду Савай айыл аймагына таза суу тартып келүүгө жана Кызыл-Шарк айылына асфальт төшөөгө иштетүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


22.08.2023-жыл №31
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнө социалдык-экономикалык жана инфроструктурасын өнүктүрүү фондунан түшкөн 12 000 000 сомду Савай айыл аймагына таза суу тартып келүүгө жана Кызыл-Шарк айылына асфальт төшөөгө иштетүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кезексиз сессиясында Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнө социалдык-экономикалык жана инфроструктурасын өнүктүрүү фондунан түшкөн 12 000 000 сомду Савай айыл аймагына таза суу тартып келүү жана Кызыл-Шарк айылына асфальт төшөө сунушун карап чыгып Савай айылдык кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Республикалык бюджеттен Савай айыл өкмөтүнө социалдык-экономикалык жана инфроструктурасын өнүктүрүү фондунан түшкөн 12 000 000 сом 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесине 10,500 миң Савай айыл аймагына таза суу тартып келүүгө, Кызыл-Шарк айылына 1,500 миң сом асфльт төшөөгө жумшалсын.
  2. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.     
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

:
Мамашов Бакыт Толонович

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кыргыз Републикасынын административдик-аймактык 
 түзүлүшүн өркүндөтү жана региондорду өнүктүрүү боюнча 
андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке 
ашыруу жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


29.09.2023-жыл №32
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кыргыз Републикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө.

Кыргыз Републикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Савай айыл өкмөтү жана Сары-Колот айыл өкмөтүнүн айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2.   Бириккен айыл аймак Савай айыл аймагы деп аталсын.

3. Бириккен Савай айыл аймагынын борбору Кызыл-Шарк айылында жайгашсын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мамлекетик тил, каада салт, этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине                өзгөртүү  киргизүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


29.09.2023-жыл №33
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2016-жылдын 16-майындагы № 59 (КР. 2017-жылдын 17-июнундагы № 106, 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 18-апрелиндеги №44, 2020-жылдын 13-майндагы №54 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 109-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Савай айыл өкмөтүнүн патенттин негизинде салык ашыкча түшкөн   1000,0 миң сом бекитилсин. Атайын каражатынын эсебинен кошумча 700,0 миң сом пландаштырылсын.

2.  Савай айылына тротуар курууга 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесине  900,0 миң сом Савай айылына тротуар курууга, 70629 бөлүмүнүн 2215 беренесине 100,0 миң сом АПУ,ИПУ жасатууга.

70911 бөлүмүнүн  2218 беренесине 700,0 миң сом “Арзуу”, Батма-Эне”, “Ай-Бала”, “Балаты” балдар бакчасына тамак ашына пландаштырылсын.

3.    Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин. 

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 
2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюуштуруу 
тобун бекитүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


29.09.2023-жыл №34
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюуштуруу тобун бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.   Элдик Курултайга  уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу тобу түзүлсүн

          - Аматова Бусайра           Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн                                                                             

          аялдар кеңешинин төрайымы;

     -Орунбаев Медер             Савай айылдык кеңешинин депутаты;

     -Оморова Кайриниса       Савай айылдык кеңешинин депутаты;

     -Токсонбаев Жапар          Аксакалдар кеңешинин төрагасы;

     -Джумашева Рауяна         Савай айыл өкмөтүнүн адиси;

     -Тойчиева  Зымрат           Кескен Жар айылынын айыл башчысы

     -Мирзалиева Чолпонай    Кызыл-Шарк айылынын айыл башчысы

 

2.    Айылдарда өтүүчү чогулушка төмөндөгү депутаттар төрагалык кылуу үчүн бекитилсин.

     - Ынтымак айылына Оморова Кайриниса.

     -  Савай айылына Аматова Бусайра

     -  Кыдырша айылына Куттубай уулу Самат

     -  Кызыл-Шарк айылына Алимова Маликахан

     -  Кескен-Жар (Султан-Абад) айылдарына Тажибаев Шавкат

     -  Кең-Сай айылына Мирзалиева Чолпонай

     

 

  1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү жыйындын графиги жана катышуучулардын санын бекитүү нормасы  жана иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Элдик Курултайга катышуучу делегаттарын шайлоо боюнча чогулуш 2023-жылдын 18-ноябрь күнү Кызыл-Шарк айылындагы № 72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекисинде өткөрүү белгиленсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу уюштуруу тобуна тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

:

№ 1-тиркеме

 

                                                                                                  Савай айылдык кеңешинин

                                                                2023-жылдын 29.09 кезексиз

                                                                                                  сессиясынын № 34-                             

                                                                                                   токтому менен бекитилди.

                                                                               

 

Савай айыл өкмөтүнүн айыл аймактарында жыйындарды

өткөрүү боюнча жыйындын

 

ГРАФИГИ

 

 

Айылдардын аталышы

Өткөрүү орду мөөнөтү

Биринчи Элдик Курултайга келүүчү делегаттардын саны

Жооптулар жана уюштуруучулар

айлдык жыйындын төрагасы (төрайымы)

  1.  

Кең-Сай айылы

16.10.2023-ж саат 14:00

Кең-Сай орто мектеби,

20

Төрайым Мырзалиева Чолпонай

Уюштуруу топ

  1.  

Октябрь айылы

17.10.2023-ж саат 14:00

С.Арстанбеков мектеби

20

Төрага Бакас уулу Зарлык

Уюштуруучу топ

  1.  

Курбан-Кара айылы

18.10.2022-ж саат 14:00

Пионердин 50 жылдыгы атындагы мектеби

15

Төрайымы Туракулова Назгүл

Уюштуруучу топ

 

  1.  

Кызыл-Шарк айылы

19.10.2023-ж саат 14:00

Х.Таширов орто мектеби

20

Төрайымы Алимова Маликахан

Уюштуруучу топ

 

  1.  

Ынтымак айылы

20.10.2023-ж саат 14:00

Ж.Турусбеков мектеби

15

Төрайымы Оморова Кайриниса

Уюштуруучу топ

 

  1.  

Савай айылы

21.10.2023-ж саат 14:00

С.Бахапова мектеби

20

Төрайымы Аматова Бүсайра

Уюштуруучу топ

 

  1.  

Кыдырша айылы

23.10.2023-ж саат 14:00

Кыдырша мектеби

20

Төрага Куттубай уулу Самат

Уюштуруучу топ

 

  1.  

Султан-Абад

24.10.2022-ж саат 14:00 Мечит жанында

10

Төрага Ш.Тажибаев

Уюштуруучу топ

 

  1.  

Кескен Жар

24.10.2022-ж саат 14:00 Мечит жанында

10

Төрага Ш.Тажибаев

Уюштуруучу топ

 

  1.  

Кызыл-Шарк айылы

18.11.2023-ж саат 10:00

Х.Таширов мектеби

150

Жумушчу топтун мүчөлөрү, айылдык кеңештин төрагасы

 

 

Савай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы                                                    Б.Камилова

 

 

 

        

                                                                                                                2-тиркеме

 

                                                                                                   Савай айылдык кеңешинин

                                                                   2023-жылдын 29.09 кезексиз

                                                                                                    сессиясынын № 34-токтому                                        

                                                                                                    менен   бекитилди.

                                                                               

Элдик Курултайды уюштуруу жана

өткөрүү боюнча иш-чаралардын

календардык планы.

Иш-чаралар

 

Өткөрүү убактысы

жооптуулар

Негиз/эскертме

 

            Элдик Курултайдын делегаттарын жер жеринен шайлоо

1.

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындар жөнүндө чечимди кабыл алуу.

29.09.2023-жылдын кезексиз сессиясынын №34- Токтому.

2023-жылдын           6-октябрына чейин

 Савай айылдык округунун кеңеши

 

-Өкүлчүлүктүү жыйындардын  убактысын  жана өтүүчү жерин аныктоо;

16-октябрынан 24- октябрына чейин

-өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучулардын саны

 

150

Жумушчу топтун курамы

 7

2.

Өткөрүлүүчү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жааматтардын/ жыйналыштардын протоколдорун жана өкүлдөрүн анкеталарын чогултуп жалпылоо. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын тизмесин тактоо, саппаттык жана тармакттык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибинин жана өткөрүү тартибин даярдоо

14-ноябырына чейин

Айылдык жыйындарда төрагалык кылуучулар жана уюштуруучу топ.

 

3.

Савай айыл өкмөтү боюнча Элдик Курултайга баруучу делегатты шайлоо үчүн өткөрүлүүчү жалпы жайын.

2023-жылдын 18-ноябрында (ишемби)

 

 

 

4.

Өкүлтүлүктүү жыйындардын Элдик курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине  жөнөтүү

2023-жылдын 24-ноябрына чейин

 Айылдык кеңештин төрагасы, жооптуу катчысы уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтор.

 

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

“Таза суу резервуарлары жайгаша турган жер аянттарын 
трансформациялоо жөнүндө”

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын


29.09.2023-жыл №35
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
“Таза суу резервуарлары жайгаша турган жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө”

Кыргыз республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (Трансформациалоо) жөнүндө” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган №45 Жер кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл аймагынын Октябрь айылынадагы 946 контурундагы жердин жалпы аянты 0,80 га айыл чарба багытындагы жердин котегориясын суу резеруар жайгаштыруу үчүн которууга макулдук берилсин.

2.  Жогоруда аталган контурундагы жердин жалпы аянты 0,80 га жер айыл чарба багытындагы жердин котегориясын суу резеруар жайгаштыруу үчүн которуп берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик админстрациясынан суралсын.

3.   Токтомдун аткарылышан камсыз кылуу жагы Савай айыл өкмөтуно жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

: