s.savay@mail.ru 032326-00-82

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл аймагынын 2025-жылдын 1-январына калган калдык каражаты  жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын


26.03.2025-жыл №15
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл аймагынын 2025-жылдын 1-январына калган калдык каражаты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган ) депутаттарынын кезексиз V-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айыл өкмөтүнүн  айылдарына бөлүнгөн  920,0 миң сом акча каражаты берилген сметаларга ылайык  төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

-Ынтымак айылына 150,0 миң сом  жолго шагыл төшөө үчүн;

-Октябрь айылына  электр мамычаларды орнотуу, трансформатордун айланасын тосуу иштерине 150,0 миң сом;

-Кыдырша айылындагы “Ай-бала”  бала бакчанын верандасын оңдоо иштерине 110,0 миң сом;

-Кызыл-Шарк айылына электр мамычаларын орнотуу иштерине 150,0 миң сом;

-Кен-Сай айылы көчө жарыгына 150,0 миң сом;

-Кен-Сай айылы Султан-Абад  шагыл, гравий төгүү, оңдоп, түздөө иштерине 100,0 миң сом;

-Савай айылына   жолго шагыл төшөө иштерине 110,0 миң сом. 

  1.   Савай айыл өкмөтүнө  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана даректүү иштетүү жагы  милдеттендирилсин.
  2.  Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:
А. Осмоналиев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кыдырша айылында “Ай-бала” бала бакчасынын алдында уюштурулган 3 саатык кыска мөөнөттүү бала бакчага 1000,0 м.кв. жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын


26.03.2025-жыл №16
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кыдырша айылында “Ай-бала” бала бакчасынын алдында уюштурулган 3 саатык кыска мөөнөттүү бала бакчага 1000,0 м.кв. жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган ) депутаттарынын кезексиз V-сессиясынын протоколунун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин, Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын  20-мартындагы “ Кыдырша айылындагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу 3-5 жашка чейинки курактагы балдарга кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча  ачуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 01-19/538 катынын негизинде Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги,  фельдшердик акушердик пункттун  2050,6 м.кв. жер аянтынан “Ай-Бала” бала бакчасына  3-5 жашка чейинки курактагы балдарга кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча   үчүн  1000,0 м.кв. жер аянтына муниципалдык менчик укугун  алуу жөнүндө сунушу колдоого алынсын.  
  2. Савай айыл өкмөтүнө  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын  негизинде “Ай-Бала” бала бакчасына  3-5 жашка чейинки курактагы балдарга кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча   үчүн  1000,0 м.кв. жер аянтына муниципалдык менчикке  алуу боюнча   чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:
А. Осмоналиев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

“Кыдырша айылындагы  муниципалдык менчик клубдун  жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө”

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын


26.03.2025-жыл №17
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
“Кыдырша айылындагы муниципалдык менчик клубдун жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган ) депутаттарынын кезексиз V-сессиясынын протоколунун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша айылындагы муниципалдык менчиги клубдун 533,0 м.кв   жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана  муниципалдык менчик укугун алуу боюнча сунушу колдоого алынсын.  
  2. Савай айыл өкмөтүнө  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде   Кыдырша айылындагы муниципалдык менчик клубдун 533,0 м.кв   жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана  муниципалдык менчикке алуу боюнча  чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төрага:
А. Осмоналиев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

“Курбан-Кара айылындагы  муниципалдык менчик фельдшердик акушердик пунктунун  жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө”

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясынын


26.03.2025-жыл №18
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
“Курбан-Кара айылындагы муниципалдык менчик фельдшердик акушердик пунктунун жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган ) депутаттарынын кезексиз V-сессиясынын протоколунун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги Курбан-Кара айылындагы муниципалдык менчик фельдшердик-акушердик пунктунун  600 м.кв. жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана  муниципалдык менчик укугун алуу боюнча сунушу колдоого алынсын.  
  2. Савай айыл өкмөтүнө  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Курбан-Кара айылындагы муниципалдык менчик фельдшердик-акушердик пунктунун 600 м.кв.  жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана  муниципалдык менчикке  укугун алуу боюнча  чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:
А. Осмоналиев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы № 10 токтому  жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын


08.04.2025-жыл №19
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы № 10 токтому жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелеринин, Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 28-мартындагы “Ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” № 1-44-635-25 сунуштамасынын, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын 2025-жылдын 8-апрелиндеги кезексиз отурумунун VI сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык округунун  кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттардын 2025-жылдын 8-апрелиндеги кезексиз  VI-сессиясынын протоколуна жана Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 28-мартындагы  “Ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” № 1-44-635-25 сунуштамасына,  Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун,  негизинде Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы  “Савай айыл аймагындагы жеке турак жайлардын аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №10 токтому жокко чыгарылсын.
  2. Савай айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине  ылайык  калктуу конуштагы жеке турак үйдүн курулушу үчүн жер участоктогуна укук белгилөөчү жок жер  участоктору боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төрага:
А. Осмоналиев